“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты камакка алынды

“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты камакка алынды

Жергиликтүү кеңештин депутаты, “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү  массалык башаламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган деп шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Н.Ж.К. «Facebook» социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу катары мезгил-мезгили менен тенденциялуу жана чагымчыл материалдарды, анын ичинде массалык башаламандыктарды уюштурууга жана андан соң бийликти күч менен кулатууга/ басып алууга чакырыктарды жарыялаган.

Ага карата «Массалык башаламандык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп,  УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!