Быйыл күзүндө өлкө боюнча шайлоолор өтөт

Быйыл күзүндө өлкө боюнча шайлоолор өтөт

Административдик-аймактык реформага байланыштуу мыйзамдар кабыл алынса, быйыл күзүндө, болжол менен ноябрь айында жергиликтүү кеңештерге шайлоо дайындалат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдив парламенттин тармактык комитетинин отурумунда билдирди. Бүгүн Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында административдик-аймактык реформага байланыштуу 3 мыйзам долбоору каралды.

Кыргызстанда 452 айыл аймак ирилештирүүдөн кийин 235 айыл аймак болуп түзүлдү.

Экономика министринин айтымында, ирилештирүүнүн негизинде 1 млрд сомдон ашык каражат үнөмдөлүүдө.

Эми мыйзамдар кабыл алынса, өлкө боюнча жергиликтүү кеңештер таркатылып, күзүндө шайлоо дайындалат. Бул үчүн бюджеттен каражат каралган.

Депутат Балбак Түлөбаев Бишкек менен Ош шаардык кеңештеринде эл өкүлдөрүнүн санын карап чыгуу керек болчу деди. Буга жооп кайтарган экономика министри Данияр Амангелдиев эки шаарда тең 45 мандат бойдон калганын, бардык кеңештерде депутаттардын саны өзгөрбөйт деп билдирди.

 

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!