Үчүнчү баладан тарта наристе 3 жашка толгонго чейин жөлөк пул төлөө демилгеси

Үчүнчү баладан тарта наристе 3 жашка толгонго чейин жөлөк пул төлөө демилгеси

Жогорку Кеңештин 23-майдагы жыйынында  “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндөгү” мыйзамды өзгөртүү сунушу үчүнчү окууда колдоого алынды.

Документке ылайык, үй-бүлөдөгү биринчи, экинчи балага берилбейт. Үчүнчүдөн ары канча бала төрөлсө ар бирине 3 жашка толгонго чейин жөлөк пул чегерилет.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Камила Талиеванын айтымында, бул документти элдин санын өстүрүүгө шыктандыруучу деп атасак болот.

“Бизде демографиялык өсүү жай болуп жатат. Союз тарагандан кийин Кыргызстандын калкы 4,5 миллион болсок, азыр араң 7 миллионго жеттик.  Кошуна мамлекеттерди карасаңар, 1990-жылдагы көрсөткүчтөн 3 эсеге өсүп кетти. Бизде эки эсеге дагы өсүү жок” – дейт депутат

Анын айтымында, мыйзам долбоору коомду бай жана кедей деп бөлбөйт.

Мыйзам долбооруна президент кол коюп, күчүнө кирсе 2026-жылдан тарта үй-бүлөлүк шартына карабай үчүнчү наристеден тарта ар бир балага 3 жашка толгонго чейин Мамлекеттик камылга көрүлөт. Азыр аз камсыз болгон үй-бүлөлөр алып жаткан пособиеге эч кандай таасирин тийгизбейт.

Биринчи жылы жөлөк пулдун жаңы түрүн төлөөгө 2,5  миллиард сом керектелет экен.

Жөлөк пулдун өлчөмү айтылган жок.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!