Чет өлкөлүк өкүл катары кантип каттоодон өтүү керек?

Чет өлкөлүк өкүл катары кантип каттоодон өтүү керек?

Юстиция министрлиги чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдардын реестрин жүргүзүү жана алардын ишин текшерүү тартиби жөнүндө жобону бекитти.

Бул материалда жобонун айрым гана нормалары тууралуу сөз болот. Документтердин толук пакети жөнүндө  http://minjust.gov.kg/ky/news/view/id/3519/ шилтеме аркылуу кирип, таанышууга болот.

Жобого ылайык, коммерциялык эмес уюмду чет өлкөлүк өкүл реестрине киргизүүдө уюмдун жетекчиси тууралуу гана маалымат бербестен, кызматкерлердин аты-жөнүн (штаттан тышкары иштеген кызматкерлер тууралуу) жазуу талап кылынат экен. Мындан тышкары, уюм кызматкерди (штаттан тышкары болсо дагы) жумушка алууда (же кетирүүдө) жети күндүн ичинде юстиция министрлигин кабардар кылышы керек.

Ошондой эле, чет өлкөлүк өкүлдүн функциясын аткарган бейөкмөт уюм жыл сайын 1-майга чейин юстиция министрлигине көз карандысыз аудиттик текшерүүнүн корутундусун тапшырышы шарт.

Коммерциялык эмес уюмдун ишмердүүлүгүн текшерүүнүн тартиби дагы көңүл бурдурбай койбойт. Жобонун 31-пунктуна ылайык, текшерүү төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

  • Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын жазуу түрүндөгү арызы;
  • Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын коммерциялык эмес уюм максаттарына ылайык иш алып барбай жатат деген жазуу түрүндөгү арызы;

Юстиция министрлиги текшерүү жүргүзүүнү компетенттүү деп эсептеген башка мамлекеттик органга бере алат:

  • Финансылык же салык мыйзамдарына байланыштуу маселеде салык кызматына тиешелүү корутунду берүү үчүн жөнөтүлөт;
  • Коммерциялык эмес уюмдун максатына, багытына карабай болжолдуу түрдө саясий ишмердүүлүк жүргүзүү маселесине байланыштуу прокуратура органдарына жиберилет;
  • Уюмдун ишмердүүлүгү талапка ылайык жүргүзүлүп жатканы боюнча маселе уюм кызматташкан мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт;

Тиешелүү корутундуларды алгандан кийин, анда мыйзам бузуулар көрсөтүлсө, юстиция министрлиги коммерциялык эмес уюмга 10 күндүн ичинде жазуу түрүндө эскертүү жөнөтүп, кемчиликтерди жоюуга бир айга чейин убакыт берет. Коммерциялык эмес уюм айтылган кемчиликтерди эскертүүдө белгиленген убакытта оңдошу керек.

Эгер талаптар аткарылбаса, юстиция министрлиги коммерциялык эмес уюмдун ишмердүүлүгүн 6 айга чейин токтотот. Бул чечим мыйзамдарга ылайык даттанууга жатат.

Эгерде берилген мөөнөттө коммерциялык эмес уюм кемчиликтерди оңдобосо, юстиция министрлиги сотко бейөкмөт уюмду жоюу тууралуу арыз жазат.

 

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!