Чет өлкөлөрдүн абактарында отурган Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунушталды

Чет өлкөлөрдүн абактарында отурган Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунушталды

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин 14-майдагы отурумунда Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу биринчи окууда каралды.

КР юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун айтымында, чет өлкөлөрдө күчөтүлгөн тартипте жазасын өтөп жаткан адам Кыргызстанга кайтарылганда жалпы режимге өтүп калат деген жүйө менен бир катар мамлекеттер экстрадициялоого макулдук бербей келген.

“Эгер жаранды которууга ошол режим негиз болуп жатса, ошону камсыздап берели, экстрадиция болгондон кийин күчөтүлгөн тартипте жазасын өтөйт деп жатабыз. Мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандын абактарына которулууну каалаган жарандардын өтүнүчүн аткаруу иштери тездейт”- деди Орозбек Сыдыков.

Жакындары чет өлкөлөрдөгү абактарда отурган 137 жаран ушул мыйзам долбоорун кабыл алууну өтүнүп кайрылган.

Бирок, бул документ боюнча Жогорку Сот каршы корутунду берген.

Расмий маалыматтарга караганда, учурда чет өлкөлөрдүн тергөө абактарында Кыргызстандын 788 жараны отурат. Анын 742 си Орусияда. Ал эми соттун өкүмү чыккандардын саны 1587. Алардын жарымынан көбү кайра эле Орусияда.

 

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!