Бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде “Элдик Курултай жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу каралды.
Комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекованын айтымында, курултайда өлкөнүн, улуттун келечеги боюнча чоң маселелер көтөрүлбөй жатат.
“Улуу Курултай болуш керек. Улуттун тагдырын чече турган чоң маселелерде эле чогулуп, эл өзүнүн оюн айтса жакшы болмок. Мектеп, бала бакча, жол маселесин Жогорку Кеңеш деле карап жатат. Аны бизге калтыргыла. Парламентте азыр бир эле ыйгарым укугу калды — мыйзам чыгаруу. Эми аны дагы талашып, курултай дагы мыйзам жазса деп жатасыңар. Аткаруу бийлигинин бюджетин карайлы, иштебеген министрлерди кетирүү сунушун президентке киргизели деп жатасыңар. Анда Жогорку Кеңешти алып таштап, Курултайды эле калтырып койбойлубу. Баш оорулар токтойт эле”- деди Чолпон Султанбекова.
Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев курултайды өткөрүү боюнча жаңы тартиптер каралып жатканын айтты.
“Элдик курултайга бир тема менен келип, ошонун айланасында сөз кылалы деп жатабыз. Чындап келгенде депутат дагы, делегат дагы бала бакча менен алектенбеши керек. Аны аткаруу бийлиги чечет, биз баарына аралаша бергенге көнүп алгандан ушул маселе келип чыгууда. Мамлекеттик башкаруу системасын иретке келтирсек, ар бирибиз өзүбүздүн намазыбызды окуп калабыз”, — деди Абдылдаев
Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!
Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!