Депутат М. Айдалиев Акыйкатчыдан чет өлкөлүк студенттердин укугун коргоону талап кылды

Депутат М. Айдалиев Акыйкатчыдан чет өлкөлүк студенттердин укугун коргоону талап кылды

Бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин отурумунда Акыйкатчынын баяндамасы талкууланып жатканда эл өкүлү Мейкинбек Абдалиев 18-майга караган түнү Бишкекте чет өлкөлүк студенттерге байланыштуу болгон окуя тууралуу маселени көтөрдү.

Депутаттын айтымында, канча жылдан бери кашыктап чогулткан аброюбузду бир түндө төгүп салдык.

“Конституциянын 109-беренесинде Кыргыз Республикасындагы адамдардын жана жарандардын укуктарынын, эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду акыйкатчы жүргүзөт деп жазылып турат. Ошол түнү силер элге туура маалымат жеткиришиңер керек болчу. Жарандар,  кечээки видеодо Индиянын, Пакистандын, Бангладештин студенттери эмес, Египеттен келгендер экен, таяк жеген кыргыз балдар өздөрү күнөөлүү деп  айтып чыгышыңар керек болчу. Кыргызстанга келген студентпи, туристпи алардын укугун коргоо Акыйкатчынын милдети. Алар Кыргызстанга инвесторлор” , —  деди Абдалиев.

Ошондой эле, депутат Мамлекеттин эсебинен  же фонддордон, такыр болбосо элден акча чогултуу аркылуу же чет өлкөлүк студенттер окуган университеттер жабыркаган студенттердин чыгымын төлөп берип, дүйнөлүк аренада Кыргызстандын аброюн сактап калуу керектигин айтты.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!