Депутат менен күзөтчү мушташты

Депутат менен күзөтчү мушташты

Бир катар маалымат каражаттары Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев Бишкекте соода борборлордун биринде күзөтчү менен мушташканы тууралуу жазгандан кийин, эл өкүлү аны ырастады.

Анын айтымында, окуя 20 күн мурда автоунаа токтотуучу жайынан машина менен чыгып баратканда болгон.

«Ал жерден чыгып бара жаткан кезде күзөт кызматкери унаага жакын туруп алып, жаман сөздөр менен сөгүнгөндөн улам чырдаша кеттик. Унаада кичинекей наристем менен келинчегим бар болчу. Алардын көзүнчө уят сөздөрдү угуп, чыдап отура алган жокмун. Унаадан түшүп, «машинеден ары тур”, — деп түрттүм. Ал дароо белимден кармап, жерге жыгып, бир аз алыша кеттик. Карап тургандар ажыратып коюшту. Мен окуядан кийин милицияга арыз жазганмын», — деп жазды.

Бирок депутат кийин жазган арызын артка алып, чырдашкан адам менен элдешкенин билдирди. Эл өкүлү сабыр кылып кетип калбай, жаман үлгү көрсөтсөм кечирим сурайм деп жазды.

4-июлда социалдык тармактарда автоунаа токтотуучу жайлардын биринде   айдоочу күзөтчү менен мушташа кеткени тартылган видео тараган. Алардын бири депутат Чыңгыз Ажибаев экени айтылган. Милициянын маалыматы боюнча, эл өкүлү арызынан баш тарткандыктан кылмыш иши козголгон эмес.

Чыңгыз Ажибаев парламентке №1 Лейлек бир мандаттуу округунан депутат болуп шайланып келген.

Белгилей кетсек, депутаттын катышуусунда мушташ биринчи жолу катталып жаткан жок. Буга чейин Жаныбек Абиров кафелердин биринде чыр чатакка катышып, ал видео коомчулукка тараган. Катуу сын пикирлер айтылган соң депутат мандатынан баш тартууга аргасыз болгон.

https://www.youtube.com/shorts/Ai21luvMcjs

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!