Депутаттар Баткенге жөнөп кетишти

Депутаттар Баткенге жөнөп кетишти

15-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун тапшырмасы менен депутаттар Торобай Закир Уулу, Таабалды Тиллаев, Kармат Орозова, Курманкул Зулушев жана Айнуру Алтыбаева кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал жана түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен жеринен кабар алуу үчүн Баткен облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен кабарлашты.

Төрага Дастанбек Жумабеков Баткенге сапар алган депутаттар менен сүйлөшүп түзүлгөн жагдайды тынчтык жолу менен чечүү зарыл экендигин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде болгон жаңжал 14-март күнү Жогорку Кеңештин жыйынында тиешелүү мекеме жетекчилери менен бирге жабык эшик артында талкууланган.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!