Бүгүн транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин отурумунда Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды. Анда, юстиция министри менен маданият министринин орун басарлары баяндама жасашты.
Жыйында депутат Элдар Абакиров акындардын айтышынан үзүндү угузуп, анда бири-бирине сын айтып, шылдыңдаган учурлар үчүн экинчи тарап арыз жазса айып салынабы деген суроо узатты.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев сунушталган мыйзам долбоору жалган жалаа жабуу жана кемсинтүүгө багытталганын айтып, мындай деп жооп берди.
“Биз азыр такыр башка нукка кетип калдык. Кыргыздын акындары эч убакта кемсинткен эмес, жалган жалаа жапкан эмес. Азыр болсо интернетте каалаган киши отуруп алып, ар кандай сөздөрдү жазат, ага жоопкерчилик каралбайт. Анын жазганын жаш балдар дагы, карылар дагы окуйт. Коомдун психикасына зыян келтирип жатат”- деди Марат Тагаев.
Эл өкүлү Элдар Абакиров көйгөйү көп киши эмоцияга алдырып сүйлөп алса, аны айыпка жыгуу туура эмес экенин айтты.
“Биринчиден, жалган айткандарды деп жатасыз. Балким чын, мүмкүн бүгүн жалган, бир жылдан кийин чын болуп чыгат. Дагы бир мисал келтирейин, жакында эле Темир айылында катуу сел болду, тоодон таш агып келди. Адамдардын ичи ачышып турат, алар эмоцияга алдырып, оор учурда байкабай жаман сөз сүйлөп жиберет. Аны бирөө тартып интернетке жайгаштырып коет. Анан ага 100 мин сом штраф салган туурабы? Жашоодо ар кандай болот да. Менин сунушум маданият министрлиги эмес, сот чечиш керек. Айып пулду азайталы, орточо айлык 30-35 миң сом деп жатасынар. Мугалимдердики 25 миң сом экен. 3 миң сом айлык алгандар бар. Анан ал киши ачууга алдырып сүйлөп алса, 100 мин сом штраф салсаңар эмне болот?” – деди Элдар Абакиров.
Эл өкүлү мыйзам долбоорун артка кайтарып, жаңы редакция менен алып келүүнү сунуштады. Бирок комитеттин башка мүчөлөрү документти колдоп, биринчи окууда жактырылды.
Маалыматтарга караганда, июль айында маданият министрлигинин алдында мониторинг борбору түзүлгөн. Ал жакта 11 киши иштеп, социалдык баракчаларга, ММКларга жарыяланган маалыматтарды талдайт жана кайрылууларды кабыл алып, карайт.
Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!
Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!