Эмгек келишимдерди жокко чыгаруу сунушталды

Эмгек келишимдерди жокко чыгаруу сунушталды

Бүгүн  Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында эл өкүлдөрү эмгек кодексиндеги беренелерди кыскартуу менен жумушчулардын укуктары азайтылып жатканын билдиришти.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Сыдыковдун айтымында, айрым мекемелерде вакансиялык орун турса дагы кызматкерди ишке алууда бир жылга эмгек келишими түзүлөт. Бул иштеген адамдын укугун бузууда. Анткени, жумуш берүүчү бир жылдан кийин кызматкерди керегиң жок деп кетирип салат.

Эмгек келишимин—сезондук жумуштарга же убактылуу иштерге гана калтыруу керек, дейт депутат Бакыт Сыдыков.

Белгилей кетсек, учурда парламенттин тармактык комитеттеринде эмгек кодексинин жаңы редакциясы талкууланууда.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!