Эмгек кодексинин жаңы редакциясы сунушталды

Эмгек кодексинин жаңы редакциясы сунушталды

Бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин отурумунда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова эмгек кодексинин жаңы редакциясы менен тааныштырды. Анын айтымында, документти өзгөртүүнү бизнес коомчулугу демилгелеген.

Жаңы редакцияга ылайык,  23-февраль, 7-апрель жана 7-8-ноябрь  майрам бойдон калат, бирок иш күнү болот.

Жылына эки жолу майрамдык каникул болот. Алар: 1нен 6-январга чейин жана 1-2-3-4-6-8-май күндөрү. Майрам дем алыш күнүнө туш келгенде аны башка күнгө которуу ченеми жокко чыгарылууда.

Санариптештирүүнүн алкагында, электрондук эмгек китепчесин жүргүзүү каралган.

Долбоордогу дагы бир жаңылык төлөмдөргө байланыштуу.

“Эгерде иш берүүчү айлыкты, өргүү акысын төлөө, жумуштан бошоткондогу эсептешүү жана башка төлөмдөрдү төлөө мөөнөтүн бузса, туум ченинин 0,25% өлчөмүндө деп бирдиктүү пайыз белгиленди. Эмгек акыны өндүрүү боюнча доонун эскирүү мөөнөтү – 3 жыл”, — деди министр Баатырова.

Азыркы Эмгек кодексинде 0,5 жана 0,15% болуп эки башка пайыз жазылгандыктан, иш берүүчүлөргө ыңгайсыздык жаратып келген. Ал эми, эмгек акыны өндүрүү боюнча доонун эскирүү мөөнөтү азыр жок. Адам  20 жылдан кийин да сотко кайрыла алат.

Мындан тышкары, азыр иштеп жаткан Эмгек кодексине ылайык,   жумушчу иш учурунда каза болгон учурда жакындарына кызматкердин орточо жылдык эмгек акысынын 20дан кем эмес өлчөмү төлөнөт.

Жаңы редакцияда кенемтенин өлчөмү кескин кыскартылууда. Кызматкер каза болгон учурда анын үй-бүлөсүнө 20 жылдык эмес, 20 айлык маяна төлөнөт.

Учурдагы мыйзам аялдарды оор жана эмгек шарттары зыяндуу же кооптуу жумуштарга иштетүүгө тыюу салат. Жаңы кодексте кош бойлуу жана бала эмизген энелерге гана тыюуну калтыруу сунушталды.

Эмгек министрлигинен билдиришкендей, кодекс кабыл алынса, аялдардын иштөөсүнө тыюу салынган кесиптердин тизмеси да өзгөртүлөт.

Маалыматтарга караганда,  учурда Кыргызстанда аялдар иштегенге тыюу салынган 400 дон ашык кесип бар. Алсак, кыз-келиндер  суучул, ширетүүчү, 14төн ашык жүргүнчү баткан шаар аралык автобустардын жана жүгү 5 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын айдоочусу боло албайт.

Колдонуудагы эмгек кодекси 2004-жылы кабыл алынган.

Жаңы редакция бүгүн комитетте биринчи окууда талкууланып,  Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда кароого жөнөтүлдү.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!