Бүгүн парламенттин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору биринчи окууда талкууланып, жактырылды.
Демилгечи депутат Камила Талиеванын айтымында, мыйзам кабыл алынса ишкерлик кылган аялдарга мамлекет тарабынан бир катар жеңилдиктер берилет.
“Калктын жарымынан бир аз көбүн аялдар түзөт. Бирок экономикага кошкон салымы кыйла төмөн болуп жатат. Ишкердик, салттуу бизнес менен алектенген аялдардын тапкан кирешеси үй-бүлөгө, балдарга гана жетип бизнес өнүкпөй калат экен. Ишкер аялдар пайызы төмөн кредит алууда аябай кыйналышат. Эркектерге андай тоскоолдуктар жок. Аялдарга жада калса, жолдошу тарабынан макулдук берилбей калганда насыя ала албай калышат экен”, — деди Камила Талиева.
Мыйзам долбоорун колдогон Шарапаткан Мажитова төмөндөгүдөй сунуштарды киргизди.
“Аялдар убактысынын 18 пайызын үй-бүлөгө, эркектер болсо 6 пайызын жумшайт экен. Кыз-келиндер майда, чакан ишканада иштейт, тапкан пайдасы аз. 2019-жылы кепилдик фонду деген түзүлүп, жалаң күрөөгө койгон мүмкүнчүлүгү жок аялдарга жардам берилди эле. Ошону дагы киргизиш керек. Мурда РСК, Айыл банктарда ишкер айым деген өзүнчө жеңилдетилген насыялар берилип турган. Ошолорду жандантыш керек”, — деди Мажитова.
Депутаттардын айтымында, эл аралык изилдөөлөр боюнча аялдар ишкерлик менен алектенсе өлкөнүн ички дүң өндүрүмү 27 пайызга өсөт экен.
Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!
Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!