Кайра шайлоого катышкысы келген 48 партиянын арасында «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» жок

Кайра шайлоого катышкысы келген 48 партиянын арасында «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» жок

20-декабрга белгиленген парламенттик кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын арасында 4-октябрдагы шайлоодо биринчи орундарга чыккан эки партия жок. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, кайра шайлоого катышууну каалагандардан маалымдама кабыл алуу мөөнөтү 24-октябрда аяктады.

Жалпысынан 48 партиядан маалымдама түштү, алардын арасында 4-октябрдагы шайлоодо алдыга чыкканы айтылган «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» жок.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Ага катышуу ниетин 44 партия билдирип, натыйжада 16сы расмий каттоого алынган. Шайлоонун баштапкы жыйынытыгы боюнча жети пайыздык шайлоо босогосунан «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» өткөнү кабарланган.

5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялар Бишкекте тынчтык митингин өткөргөн. Ошол түнкү башаламандык бийликтин алмашуусуна алып келген.

9-октябрда БШК шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, кийин кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

22-октябрда президент, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров президентти жана парламентти шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндөгү мыйзамга кол койгон.

Бишкектин Административдик соту Боршайкомдун кайра шайлоо өткөрүү тууралуу чечимин жокко чыгарганы 24-октябрда белгилүү болгон.

https://www.azattyk.org/a/30912652.html

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!