Бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев фейсбуктагы баракчасы аркылуу “Ата-Журт” партиясы 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештерге жана 2026-жылдагы парламенттик шайлоого катышпайт деп билдирди.
Анын айтымында, учурда жер-жерлерде депутат болом дегендер “Ата-Журт” партиясы менен катышууга даярданып жатканы тууралуу маалыматтар бар. Көпчүлүгү баягы эле илгертен бери бийликте тургандардын партиясы менен депутат болуп келип жүргөн жүздөр, дейт Ташиев.
“Ата-Журт” партиясы 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышпайт. “Ата-Журт” партиясы аталганда эле менин ысымым менен байланыштырышат. Ошондуктан мен мамлекеттик кызматта олтуруп алып партияны бул шайлоого катыштырсам туура эмес болуп калат. Керек болсо 2026-жылкы парламенттик шайлоого дагы катыштырбаймын”, — деп жазды УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.
Ошондой эле, ал “Ата-Журт” партиясынын мүчөлөрү жана тарапташтарына кайрылып, аларды каалаган, көңүлүңүнө жаккан, эл үчүн иштеп бергенге даяр партиялар менен шайлоого катышууга чакырды.
“Бийликте туруп бардык аймактар боюнча партиясын өткөрүп келип алды” деген сөздөн алыс болуш үчүн ушундай кадамга бардым. Бир да партияга же кандидатка болушпайбыз жана башка мамлекеттик кызматкерлердин жардам берүүсүнө жол бербейбиз”, — деди Камчыбек Ташиев.
Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!
Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!