Кыргыз тилин билбегендер айыпка жыгылабы?

Кыргыз тилин билбегендер айыпка жыгылабы?

2024-жылдын 23-майында Бирдиктүү порталда мамлекеттик тил тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбооруна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил тууралуу» мыйзамынын 33-беренесин толукталат:

  • Кыргыз тили эне тили болгон тараптын кызматтык милдеттемесин аткаруу үчүн мамлекеттик тилди билүүсү орто деңгээлден төмөн болбошу керек (В2);
  • Кыргызстанда жашаган этникалык топтордун өкүлдөрүнүн кыргыз тилинде сүйлөөсү базалык деңгээлден төмөн болбошу керек (А2);
  • Кыргызстанда жашаган же иммигрант статусун алууну каалаган чет өлкөлүктөр кыргыз тилин баштапкы деңгээлде билиши шарт (А1).

Мындан тышкары, тартип бузуулар кодексине дагы өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда. Алсак, мамлекеттик, муниципалдык жана менчик формасына карабай бардык мекеме, уюмдарда тил мыйзамынын талаптарын аткарбагандарды 17 миң сомго айыпка жыгуу сунушталды. Эгер мыйзамды жеке же юридикалык тараптар бузса, айыптын өлчөмү 5 миң сомдон 17 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилет.

Азыркы конституциялык мыйзамдын 32-беренесине ылайык, кызматтык милдеттерин аткарууда кыргыз тилин пайдаланууга тийиш тараптардын тизмеси:

  • Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
  • Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү кеңештин депутаттары;
  • Улуттук банктын кызматкерлери;
  • Тартип сактоо жана ички иштер органдарынын офицердик жана жетекчилик курамы;
  • Тартип сактоо жана ички иштер органдарынын катардагы, сержанттык жана жогорку курамы;
  • Соттор;
  • Прокурорлор;
  • Адвокаттар;
  • Нотариустар;
  • Менчик формасына карабай бардык окуу жайлардын кызматкерлери жана жетекчилери;
  • педагогикалык, илимий-педагогикалык жана илимий кызматкерлер. Бул талап билим берүү мекемелерине чакырылган чет өлкөлүктөр жана кыргыз жарандыгын албагандарга карата иштебейт;
  • мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо мекемесинде иштеген медициналык кызматкерлер;
  • мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлери, бул талап Кыргызстандын жарандыгын албагандарга карата иштебейт;

Мындан тышкары, мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия жарнамаларда кыргыз тилинин адабий нормаларына туура келбеген сөздөр үчүн каралган айыптын өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштады. Учурда жарнама берүүчүгө алгач ката кеткени тууралуу эскертүү берилет. Эгер оңдолбосо жеке тарап 1000 сом, юридикалык тарап 5000 сом штраф төлөйт. Эми айыпты 5000ден 17000 сомго чейин жогорулатуу каралууда

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили тууралуу» конституциялык мыйзам 2023-жылдын 17-июлунда күчүнө кирген.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!