Кыргызстанда нотариалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчүн сунушталган мыйзам долбоору

Кыргызстанда нотариалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчүн сунушталган мыйзам долбоору

Парламентте 2024-жылдын 25-апрелинде «Нотариалдык иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам  долбоору  биринчи окууда каралды. Юстиция министрлигинин негиздеме маалыматына ылайык, мыйзам долбоору аркылуу  аймактарда  нотариалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу менен адистердин санын көбөйтүү каралган. Бүгүнкү күнү өлкө боюнча Мамлекеттик нотариустардын саны 90 бирдикти түзөт. Ал эми 340 жеке нотариус ишмердүүлүк жүгүзөт. Эл аралык нотариат биримдигинин талабы боюнча 12 000 ден 15 000ге чейин адамга бирден нотариус туура келиши керек.  Алсак, Ош областынын Кара-Кулжа районунун калкы 101 600 болсо, азыр ал жакта бир гана мамлекеттик нотариус иштейт. Жалал-Абад облсунун Аксы районунда бир нотариуска 142 600 адамдын иши жүктөлгөн. Башка аймактарда деле абал ушундай.  Мыйзам долбоору аркылуу өлкөнүн бүткүл аймагында жеке нотариалдык иш жүргүзүү үчүн берилүүчү универсалдуу лицензия жана белгилүү бир аймагында иш жүргүзүү үчүн локалдаштырылган лицензия берүү сунушталууда.

Локалдаштырылган лицензия берүүнүн тартиби жана формасы тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. (КР ЮМ)

Бул материал  https://president.kg; https://kenesh.kg; https://cbd.minjust.gov.kg сайттарына жайгаштырылган маалыматтардын негизинде даярдалды. Анын максаты — Кыргызстандын жарандарын мыйзамдардагы өзгөрүүлөр тууралуу кабардар кылуу.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!