Министрлер кабинети Жогорку Кеңештин чечимин кынтыксыз аткарууга милдеттендирилет

Министрлер кабинети Жогорку Кеңештин чечимин кынтыксыз аткарууга милдеттендирилет

Парламентте “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө”   конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды. Бүгүн  документ тармактык комитеттин отурумунда биринчи окууда каралды. Демилгечиси депутат Дастан Жумабеков.

Анын айтымында, мыйзамдын 13-беренесине өзгөртүү киргизилип жатат. Азыр колдонуудагы документте Жогорку Кеңештин чечимдери сунуш катары болуп келет. Аны милдеттендирүү керек, дейт эл өкүлү.

Дастан Жумабеков: “Мен конституцияга таянып жазып жатам. Баш мыйзамдын 1-беренесинин 6-пунктунда элдин атынан Президент жана Жогорку Кенеш чыгууга укуктуу деп көрсөтүлүп турат. Муну Министрлер кабинети эстен чыгарбай, парламент берген тапшырманы так жана кынтыксыз аткарышы керек. Элдин өкүлү — биз, депутаттар. Жогорку Кеңеш — бийликтин бир бутагы. Министрлер кабинети Жогорку Кенешке отчет берет. Депутаттардын макулдугу жок өкмөт мүчөлөрү бекитилбейт. Конституцияда парламент Министрлер кабинетинин жылдык отчетун канааттандыраарлык эмес деп тапса, Президент отставкага кетире алат деп жазылып турат. Ошондуктан биздин чечимдердин аткарылышын талап кылышыбыз керек”.

Талкуу учурунда депутат Жанар Акаев мыйзамга өзгөртүүлөр кирсе, айрымдар аны популисттик максатта колдонуп кетпейби деген суроо узатты. Эл өкүлүнүн айтымында, жакында парламентарийлер кийинки шайлоого даярдана баштайт. Элге жагынуу үчүн дарыгерлердин маянасы 300 миң сом болушу керек деп документ жазып, Министрлер кабинетин кыйнабайбы, дейт Жанар Акаев.

Буга жооп кайтарган Дастан Жумабеков Министрлер кабинети токтомдун реалдуулугуна карап иш алып барат, деди. Популисттик чечим болуп, бюджеттин эсебинен көп акча талап кылынса, казына көтөрө албайт деп жооп келе берет.

Мындан тышкары, Министрлер кабинетине мыйзам долбооруна корутунду берүү мөөнөтүн чектөө сунушталды. Учурда 30 күндө жооп бериши керек, жетишпесе мөөнөттү узартып, 6-7 айга чейин созулуп кеткен учурлар көп, дейт депутат.

Мындан улам, ошол узартылган мөөнөттү 15 күн деп белгилеп жатышат.

Маалыматтарга караганда, Министрлер кабинети мыйзамга мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү максатка ылайыксыз деген корутунду берген.

Мыйзам долбоору тармактык комитеттин 28-майдагы отурумунда биринчи окууда жактырылды.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!