Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы отурумунун ар кандай маселелер бөлүгүндө депутат Мирлан Самыйкожо эл Жогорку Кеңештин милдетин жакшы түшүнбөй, бардык көйгөйгө депутаттарды күнөөлөп жатат деди.
Анын айтымында, жол салуу, суу чыгаруу, социалдык объекттерди куруу аткаруу бийлигинин жумушу экенин көпчүлүк билбейт экен.
“Көчөдө автотыгын болсо деле, аялы менен күйөөсү урушуп кетсе деле депутаттар эмне кылып отурат деп калышты. Эмне парламент футбол тобубу? Тепкилетип коюп отура беребизби? Эл мыйзам чыгаруу менен аткаруу бийлигинин айырмасын билбесе, билгизүү үчүн улуттук дагы, мамлекеттик дагы каналдар бар. Бүгүнкү күнү таяктын башы парламентке эле тийе берчү болду. Ушуну кой деген кожо жок болуп жатат”, — деди депутат Мирлан Самыйкожо.
Эл өкүлүнүн айтымында, аткаруу бийлиги социалдык маселелерди чечип, ишке ашырат, Жогорку Кеңеш мыйзамдарды жазат жана анын аткарылышын көзөмөлдөйт дегенди калкка түшүндүргөн видео материалдарды жайылтуу керек.
Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!
Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!