Парламент административдик-аймактык реформага байланыштуу мыйзам долбоорлорунун топтомун кабыл алды

Парламент административдик-аймактык реформага байланыштуу мыйзам долбоорлорунун топтомун кабыл алды

Бүгүн Жогорку Кеңеште 3 мыйзам долбоору үч окууда тең кабыл алынды.

Алар:  

* “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктери жөнүндө” Мыйзамдын долбоору,

* “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору

* “Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору

Кыргызстанда 452 айыл аймак ирилештирүүдөн кийин 235 айыл аймак болуп түзүлдү.

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, ирилештирүүнүн негизинде 2 млрд сомго жакын каражат үнөмдөлдү.

Эми мыйзамдар күчүнө киргенден кийин, өлкө боюнча жергиликтүү кеңештер таркатылып, күзүндө шайлоо дайындалат.

 

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!