Парламент Аскар Акаевдин арызын канааттандырган жок

Парламент Аскар Акаевдин арызын канааттандырган жок

Бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык отурумунда мурдагы президент Аскар Акаевдин экс-президент статусун кайтарып берүү боюнча арызы каралды.

Маселе талкуусу жок эле добушка коюлуп, Акаевдин өтүнүчү четке кагылды.

Спикер Нурланбек Шакиевдин айтымында, парламент туура чечим кабыл алды.

“ Бул аябай маанилүү маселе болчу. Өлкө көз карандысыздыкка жеткенден кийин көп кыйынчылыктарды башынан өткөрдү, жакшысынан жаманы арбын болду. Ага биринчи президент катары Аскар Акаевдин күнөөсү аябай чоң. Парламент туура чечим кабыл алды, тарых өзү жооп берет, эл өз баасын берет”, — деди төрага

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!