Парламент депутаттык этика кодекси боюнча токтом кабыл алды

Парламент депутаттык этика кодекси боюнча токтом кабыл алды

Баяндама жасаган депутат Нурланбек Азыгалиевдин айтымында, Жогорку Кеңеш 2008-жылы постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен эң биринчилерден болуп этика кодексин кабыл алган. Бирок убакыттын өтүшү менен аны өркүндөтүү жана жаңы мыйзамдарга шайкеш келтирүү зарылчылыгы келип чыккан. Мындан тышкары, 2021-жылы жаңы конституция кабыл алынган.

Депутаттык этика кодекси – негизги документтердин бири болуп саналат.

Жаңы документте дискриминацияга жол бербөө, гендердик теңчилик, кызыкчылыктар кагылышуу деген түшүнүктөр киргизилген.

 “Депутаттык этика кодексин бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун депутаттар Азыгалиев Н.А., Султанбекова Ч.А., Джумабеков Д.А., Мамасадыков З.Д., Маматалиев М.А., Култаева Г.О., Токтошев Э.Т., Таалайбек кызы Ж., Сурабалдиева Э.Ж., Бекешев Д.Д демилгелешкен.

Бүгүн парламентте документ көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!