Парламент экс-президенттердин кол тийбестигин алып салуу мыйзамы III окууда жактырды

Парламент экс-президенттердин кол тийбестигин алып салуу мыйзамы III окууда жактырды

Жогорку Кеңештин депутаттары экс-президенттердин кол тийбестик статусун алып салуу тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырышты. «Макул» – 111, «каршы» – 3 эл өкүлү добуш берген.

«КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечилери – парламенттин депутаттары Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев.

Демилгечилердин маалыматына караганда, мындан 15 жыл мурда бир адам үчүн чоң иммунитет берген мыйзамга экс-президенттин статусуна арналган «КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын 12-беренеси кирет. Бул ченем азыркы замандын талабына жооп бербейт.

Жаңы Конституцияда президент адам укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиги катары чыкпайт. Анын үй-бүлөсүн мамлекеттик камсыздоо жөнүндө ченем да жок.

Талкуу жүрүшүндө мындай мыйзам кабыл алынып калса, ал баардык экс-президенттерге карата бирдей колдонула турганы белгилүү болду.

Ошондой эле, экс-президенттер өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде кылмыш жасап, соттун өкүмү күчүнө кире турган болсо, анда аларга каралган баардык мамлекеттик артыкчылыктар жокко чыгарылат. Алар Кыргызстандын бир дагы жараны мыйзамга жамынып алып кылмыш иштерин жасай бербеши керек, мыйзам алдында башка жарандардай эле жооп бериши керек экенин белгилешти.

Андан тышкары, тармактык комитет мыйзам долбооруна карата депутат Акылбек Жапаровдун сунушун колдогону белгилүү болду. Анын айтымында, экс-президент партиялык саясий иш же мамлекеттик кызмат менен алектенгиси келсе, өзүнө берилген мамлекеттик артыкчылыктарын токтотушу керек. Бир катар депутаттар мындай сунушту колдошсо, бир катары колдогон жок.

Ал эми куулган эки президент Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев кол тийбестик статуса ээ эмес, анткени алар куулуп кетирилгендиги да айтылган.

Мыйзамга төмөндөгүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:

  • президенттин кол тийгистигинин деңгээлинин төмөндөгөндүгүн эске алуу менен, 3-берене жаңы редакцияда баяндалууда, анда КР президентин кызмат ордунан четтетилгенден кийин аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүнчүлүгү бөлүгүндө Конституциянын ченемдери чагылдырылды;
  • аны менен чогуу жашап турган президенттин үй-бүлө мүчөлөрү тийиштүү артыкчылыктар жана жеңилдиктер менен пайдаланарын эске алуу менен Мыйзамдын 6-беренеси Президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн чөйрөсүн белгилеген норма менен толукталды;
  • 8-беренеде президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрү жана ден соолугу мамлекеттин эсебинен камсыздандырыла тургандыгы жөнүндө норма алынып салынууда;
  • 13-беренеде экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүн акысыз медициналык тейлөө жөнүндө ченемди алып салуу сунуш кылынат, ошондой эле экс-президентке карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда ушул беренеде каралган баардык кепилдиктер токтотулат;
  • экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнө ал өлгөндөн кийин өмүр бою кызматтык автотранспорт, ошондой эле өлгөн күнү экс-президентке берилүүчү медициналык тейлөө укугу каралган 17-берененин 2-бөлүгү алып салынууда;
  • мыйзамдын 18-беренесин күчүн жоготту деп таануу сунуш кылынууда. Мындан ары ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо экс-президенттин өзүнө жүктөлөт.
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!