Парламент эл аралык темир жол куруу боюнча документти жактырды

Парламент эл аралык темир жол куруу боюнча документти жактырды

Бүгүн Жогорку Кеңеште  “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу”  мыйзам долбоору үч окууда тең кабыл алынды.

Залда отурган депутаттардын баары “макул” деп добуш берди.

2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында Кытай, Кыргызстан, Өзбекстандын транспорт министрлери макулдашууга кол койгон.

Долбоордун наркы 4,7 млрд доллар деп эсептелген. Курулуш 6 жылга созулат.

Кыргызстан, Кытай, Өзбекстандын ортосунда биргелешкен компания түзүлүп, расмий Пекин 51 пайыз акциясына ээлик кылат. Калган эки мамлекетке 24,5  пайыздан берилет.

Кыргызстандын аймагынан өтүүчү темир жолдун узундугу 311 чакырымды түзөт. Ал Торугарт- Арпа- Кош-Добо- Макмал- Жалал-Абад багыты боюнча болот.  Макмалдын аймагында жүк жүктөөчү станция жайгашат деп пландалууда.

Транспорт министринин орун басары Ырысбек Бариевдин айтымында, темир жол курулгандан кийин жылына 13 млн тоннага чейин жүк ташылат. Кыргызстанда кошумча 10 миң жумушчу оруну түзүлөт.

Бүгүн депутаттар бул маселени көп деле талкууга алышкан жок. Дароо үч окууда добушка коюп, баары колдоп беришти. Ошондой эле, эл өкүлдөрү муну тарыхый чечим деп атап, кол чабышты.

 

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!