Парламент Кыргызстанда уран жана торий кендерин казууга уруксат берди

Парламент Кыргызстанда уран жана торий кендерин казууга уруксат берди

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда “Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө” мыйзам күчүн жоготту деп таануу тууралуу документ экинчи жана үчүнчү окууда колдоо тапты.

70 депутат макул, сегиз эл өкүлү каршы добуш берди.

Отурумга келген Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, негизги максат Кызыл-Омпол кенинен титаномагнетитти өндүрүү.  Уран менен торий байытылбайт деди.

Эскерте кетсек, 2019-жылы кабыл алынган документке ылайык, Кыргызстанда  уран, торий кендерин изилдөө, чалгындоо жана иштетүүгө тыюу салынган.

Расмий маалыматтарга караганда, Кызыл-Омполдо болжол менен 14 млн 757 миң тонна кен бар. Анын ичинен 95% титаномагнетит, 3% фосфор, 2% цирконий, 0,22% торий жана 0,17% уран.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!