Парламентте 60 күнгө чейин визасыз катташуу келишимин узартуу сунушталды

Парламентте 60 күнгө чейин визасыз катташуу келишимин узартуу сунушталды

28-февралда Жогорку Кеӊеште Кыргызстандын бир катар чет өлкөлөр менен визасыз катташуу келишиминин мөөнөтүн узартууга багытталган «Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечи Дастан Бекешевдин айтымында, бир катар чет өлкөлөр менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрында аяктайт, ошондуктан келишимдерди азыртан узартуу зарыл.

«Акыркы мезгилде атайын кызматтар терроризм менен экстремизм коркунучтарын мисал тартып, коопсуздук маселесин көтөрүүдө. Албетте, коопсуздукту унутпаш керек, бирок мыйзамдарды либералдаштыруудан да коркпош керек. Мындай катташуулар өлкөнүн экономикасын, анын ичинде туризм тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», — деди ал.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору биринчи окууда каралганда, Өкмөт мурда келишим түзүлгөн 45 өлкөнүн тизмесине дагы 10 мамлекетти кошууну, 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтүн 2030-жылга чейин узартууну сунуштаган, бирок депутаттардын демилгеси менен анын мөөнөтү 2025-жылга чейин узартылды. Ошондой эле 55 өлкөнүн тизмесинен 3 өлкө – Болгария, Румыния, Кипр алынып салынды.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!