Депутат Дастан Бекешев жогорку окуу жайларда сабак саат 10:00до башталсын деген чечимди жокко чыгарууну сунуштады. Анын айтымында, экинчи нөөмөттө окуган студенттер аябай кыйналып жатышат.
“Экинчи нөөмөттөгүлөр саат 20:00, 21:00 го чейин окуп жатат. Анын айынан тыгындар кечки алтыдан тогузга чейин болуп калды. Тыгындарды 3 саатка узартып жатабыз. Студенттерге эксперимент жасаганды токтотолу да, ошол чечимди жокко чыгаралы. Кечки саат сегизден кийин эч кимдин окугусу дагы келбейт, мугалимдер дагы чарчап окуткусу келбей калат”, — деди Бекешев.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев дагы туура маселе көтөрүлүп жатканын айтып, мындай эксперимент киргизип кереги жок болчу деди.
“Парламенттин дарегине ушул боюнча көп кайрылуулар келип жатат. Негизи окуучуларды мектепке 7:00 го алып барыш үчүн саат 6:00 до тургузуш керек. Кечки окуу 20:00, 21:00 го чейин созулуп, үйгө келип тамактанганча 22:00 болуп кетет экен. Министрлер кабинети бул маселени тезинен чечиш керек. Муну эксперимент катары карабай эле койсо болмок экен”, — деди спикер.
Белгилей кетсек, жаңы окуу жылынан тарта университеттерде сабак саат 10:00 до, бир катар мектептерде саат 7:30 да башталууда. Мындай чечим Бишкекте тыгындарды азайтуу максатында Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган эле.
Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!
Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!