Парламентте депутаттар Абылгазиевдин отчетун угуп жатышат

Парламентте депутаттар Абылгазиевдин отчетун угуп жатышат

12-апрелде парламенттин жыйынында премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев өкмөттүн аткарган иштери тууралуу депутаттарга отчет берүүдө.

Өкмөт башчы өзүнүн баяндамасында өкмөт экономиканын баардык тармактарын өнүктүрүш үчүн болгон күч-аракетин жумшап жатышканын айтты.

Абылгазиев ошол эле маалда Кыргызстан туризм жаатында өзүнүн потенциалдын толук колдонбой келе жатканына токтолду.Буга карабай туризмдин эсебинен бюджетке түшкөн кирешенин көбөйгөнү байкалууда.

Макроэкономикалык  көрсөткүчтөргө токтолгон өкмөт башчы  мындай көрсөткүчтөр дагы жогорулаганын белгилеп өттү.

Премьер тышкы карыздын Ички дүң өндүрүмгө карата  пайыздык катышы  53 пайыздан 48 пайызга чейин төмөндөгөнүнө токтолду.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!