Парламентте китеп тартыштыгы маселеси көтөрүлдү

Парламентте китеп тартыштыгы маселеси көтөрүлдү

Бүгүн парламенттин отурумунда депутаттар Дастан Бекешев менен Эмил Токтошев мектептерде китеп жетпей жатканын айтышты. Эл өкүлдөрү кийинки окуу жылына чейин бул маселени чечүү керек дешет.

“Учурда мектептерде китеп маселеси жаралды. Билим берүү министрлигинин өзүнүн бюджети жетпейт. Бирок миллиарддарды таап, бюджетти толтуруп жатабыз дегенден кийин балдарга шарт түзүп беришибиз керек. Окуучулардын билимине шарт түзбөсөк келечек эмне болот? 2025-жылдын бюджетине китепке канча каражат керек болсо ошончо бөлөлү. Орточо эсеп менен бир миллиард сомдон ашат деп жатышат. Китеп маселесин чечпесек,  мектеп, бала бакча салганыбыз текке кетип калбасын”, деди Эмил Токтошев.

Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, министрлер кабинети мектептердин кем-карчына бюджеттен акча бөлүндү дегенине карабай, тартыштык болуп жатат. Бул боюнча ата-энелерден даттануулар көбөйдү, дейт эл өкүлү.

Жакында эле билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстанда китеп маселеси эки жылда чечилип калат деп айткан  эле. Учурда мектеп окуучулары китеп менен 75 пайызга гана камсыздалган.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!