Парламенттеги кайым айтышуу. Эл өкүлү экономика министрин залдан чыгарууну талап кылды

Парламенттеги кайым айтышуу. Эл өкүлү экономика министрин залдан чыгарууну талап кылды

Бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында административдик-аймактык реформага байланыштуу 3 мыйзамга өзгөртүүлөр талкууланды. Анда депутат Чыңгыз Ажибаев менен экономика министри Данияр Амангельдиев айтыша кетишти.

Депутаттын айтымында, айыл аймактарын ирилештирүүдө өнүктүрүү фонддорунун каражатын сарптоодо чоң көйгөйлөр чыгат. Бир айылдын акчасы экинчи аймакка багытталса, элдин нааразычылыгы пайда болот.

Бул маселе кантип чечилет деген суроо узатты.

Буга жооп кайтарган экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев бир аймак болгондон кийин бирдей бөлүштүрүлөт деди. Анын айтымында, бул тиги айыл өкмөттүкү деген түшүнүк болбойт, жобо бирдей иштейт. Элдин акчасы эмес, мамлекеттин акчасы. Мамлекеттин кызыкчылыгы кандай болсо ошондой иштейт.

Талкуу учурунда депутат Чыңгыз Ажибаев Баткен областынын өзгөчө статусу тууралуу мыйзам кабыл алынганы менен жол картасындагы талаптардын бири дагы аткарылган жок деп билдирди.

Данияр Амангелдиев: Конкреттүү кайсы талап аткарылган жок?

Чыңгыз Ажибаев: “Жол картадагы долбоорлорду өзгөртүп алалы деген сунуш бергем, көрүнүктүү иш жасалган жок. Каржылоону 1,5 млрд сомго көтөрөлү деп мыйзам долбоорун жазып сунуштадым эле, финансы министрлиги менен Акылбек Үсөнбекович өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн артка кайтарды”.

Данияр Амангелдиев: “Чолпон Аалыевна, этикадан карайлы? Кайсы өз кызыкчылыктарын көрүп жатат. Баарыбыз Баткен деп турабыз. Акча каражаттары өз убагында берилип жатат”

Чынгыз Ажибаев: Токтоп туруңуз!

Данияр Амангелдиев: Сиз токтоп турунуз!

Чынгыз Ажтибаев: Быйыл Лейлек районунда канча мектеп салынат, билесизби?

Данияр Амангелдиев: Мен сизге экзамен берип жаткан жокмун. Мага экзамендей суроо бербеңиз.

Чыңгыз Ажибаев: Бул министрдин өзүнүн этикасын карап көрөлү, болбосо залдан чыгарып салгыла.

Комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова катышуучуларды сабырдуулукка чакырып, жыйын андан ары улантылды.

 

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!