Саясий партиялар менен диний уюмдар каржылоо булагын ачыктоого милдеттендирилет

Саясий партиялар менен диний уюмдар каржылоо булагын ачыктоого  милдеттендирилет

2024-жылдын 27-майында Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети «Кээ бир коммерциялык эмес уюмдардын отчеттуулук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»  мыйзамынын долбоорун карап, жактырды.

Бул мыйзам долбоору Конституциялык соттун чечимин аткаруу максатында демилгеленген.

«Бир Дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо кыймылы «Коммерциялык эмес уюмдар» тууралуу мыйзамдын 17-беренесин баш мыйзамга каршы келет табуу өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылган. Аталган берене кээ бир уюмдарды (коомдук бирикмелерди, фонддорду, юридикалык мекемелерди) жыл сайын 1-апрелге чейин салык кызматынын сайтына бир жылдык кирешесин, мүлкүн жана чыгашалар тууралуу маалыматты жайгаштырууга милдеттендирет. Кыймыл бул талап коммерциялык эмес уюмдарга гана иштеп, ал эми саясий партиялар, кесиптик кошуундар, диний уюмдар, кооперативдер, коммерциялык уюмдарга тиешеси жок болгондугу калыстык эмес деген жүйө келтирген.

Конституциялык сот доо арызды караган соң, баш мыйзамдын 8-беренесинин 4-бөлүгү саясий партиялар, кесиптик кошуундар жана башка коомдук бирикмелер финансылык жана чарбалык ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылышы керек деген корутунду чыгарган.

Анын негизинде юстиция министрлиги коммерциялык эмес уюмдарга кошумча отчет тапшыруу талабын кеңейткен мыйзам долбоорун сунуштады. Эми кесиптик кошуундар, саясий партиялар, кооперативдер жана диний уюмдар дагы жыл сайын 1-апрелге чейин салык органынын сайтына өткөн жылдагы каржы булагын, мүлкүн жана чыгашасы тууралуу маалыматты жайгаштырышы керек. Бирок ал тизмеге коммерциялык уюмдар киргизилген эмес.

 

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!