Ш. Атазовдун ордуна А. Муртазалиев мандат албай калды

Ш. Атазовдун ордуна А. Муртазалиев мандат албай калды

Бишкектин Свердлов бир мандаттуу округунда 30-июнда кайра шайлоо өтмөй болду.

Свердлов бир мандаттуу округунда ушуну менен үчүнчү жолу шайлоо өткөнү турат. 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо аталган округда “баарына каршы” деген добуш көп болгондуктан, кайра шайлоо дайындалган. 2022-жылы февралда өткөн добуш берүүдө Абдурахманхажи Муртазалиев көп добуш алган. Ал эми  Шайлообек Атазов экинчи орунда келген. Бирок добуш сатып алууга байланыштуу деп Борбордук шайлоо комиссиясы Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарып, Атазовго мандат тапшырган.

Быйыл соттун чечими менен Шайлообек Атазов дагы мандатынан ажыратылды. Буга ал дагы добуш сатып алган деген жүйө келтирилди. Мындай шартта Абдурахманхажи Муртазалиевге мандат берилет деп күтүлүп жаткан.

Бирок, Борбордук шайлоо комиссиясынын эки күн мурдагы отурумунда Свердлов бир мандаттуу округунда кайра шайлоо өткөрүү сунушу айтылып, Президентке кайрылуу жасалган.

Кечээ күнү өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 30-июнда аталган округда кезексиз шайлоо өтмөй болду. Бул күнү Ноокат менен Ысык-Көл бир мандаттуу округдарында дагы мөөнөтүнөн мурда добуш берүү болот.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!