Шаардык кеңештерди шайлоонун тартиби өзгөрөт

Шаардык кеңештерди шайлоонун тартиби өзгөрөт

Парламентте жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталды.

Демилгечи депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо мурдагыдай эле калат, болгону азыркы 1000 сомдук шайлоо күрөөсү алынууда. Ошондой эле, электрондук добуш берүү механизми киргизилүүдө.

Ал эми шаардык кеңештерди шайлоодо олуттуу өзгөртүүлөр сунушталды. Учурдагы 7 пайыздык босого 5 пайызга чейин төмөндөтүлүп жатат. Буга чейин шайлоочулар партияларга гана добуш берсе, эми Жогорку Кеңештей преференциялдык добуш берүү киргизүү сунушталды.  Жарандар партияны жана анын ичинде талапкердин бирин тандайт.

Мындан тышкары, 30 пайыздык гендердик квота дагы сунушталды.

Тармактык комитетте мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Демилгени колдогон депутат Жанар Акаев преференциялдык система өзүн өзү актаганын айтты.

“Азыр мурдагыдай партиялардын тизмесинде алдыга турабыз деген жок.  Партия лидерлерине жеңил болуп калды. Эми Түштүк Кореядагыдай кылып шайлоочу партияны тандагандан кийин талапкерлердин сүрөттөрү номерлери менен чыккандай кылсак жакшы болот эле. Ошондо система дагы бир жолу сурайт, чечимиң акыркыбы деп. Азыр электрондук капчыктан акча которгондо сурап жатпайбы, ошондой эле. Анан жаран тандоосун жасайт. Шайлоого ушундай системаны киргизсек, Борбор Азияда биринчи болобуз” —  деди депутат Жанар Акаев.

Депутат Марлен Маматалиев каржы маселеси чечилгенден кийин гана бул системага өтүүгө мүмкүн экенин айтты.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!