Спикер: Парламент таркатылат, депутаттардын саны кыскарат деген сөздөр калп!

Спикер: Парламент таркатылат, депутаттардын саны кыскарат деген сөздөр калп!

Бүгүн парламенттин жалпы отурумунда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев билдирүү жасады. Анын айтымында, айрым саясатчылар жакында өлкөдө ар кандай саясий окуялар болот, референдум өтөт деген ушак маалыматтарды таратууда.

“Парламент таркайт, депутаттардын саны кыскарат, чоң-чоң саясий өзгөрүүлөр болот экен деген ушактарды чыгарып жатышат. Мунун баары суу кечпеген сөздөр. Биз саясий туруктуулукту камсыздап, жогорку экономикалык өсүшкө жетип жатабыз. Алдыда 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот, ошого даярданып, таза, татыктуу өткөрүшүбүз керек. Андан башка эч кандай өзгөрүүлөр болбойт. Баары мыйзамдын негизинде өзүнүн кезеги менен болот”, — деди төрага Шакиев.

Мындан тышкары, спикер депутаттарды ички маселелерди сыртка чыгарбоого чакырды.

“Депутаттар, регламентке ылайык иш алып баралы. Ички маселелерди бул жактан айтпасаңар, ошонун айынан парламенттин аброюна шек келтирген сөздөр болуп жатат. Өткөн жумадагы бир депутатыбыздын сүйлөгөнүн көрдүңүздөр, ошондойдон оолак болсоңуздар!” – деди спикер.

Мунун алдында бир депутат бүгүн куран окутуп жаткандыктан түшкү тыныгууну эки саатка жарыялоо сунушу айтылган эле.

Өткөн жумада болсо депутат Айгүл Айдарова куран окутууга барбай калганы үчүн эл өкүлдөрү ортосунда пикир келишпестик жаралганын парламенттин трибунасында айтып чыгып, анын бул сөзү коомчулуктун катуу сынына кабылган.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!