Парламентте шайлоолордо үгүтчүлөрдүн санын кыскартуу демилгеси көтөрүлдү. 14 депутаттан турган топ “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.
Азыркы аракеттеги мыйзамга ылайык, саясий партиялар 10 000 ге чейин, бир мандаттуу округдарда талапкерлер 500гө чейин үгүтчү жалдай алышат.
Мыйзам долбооруна ылайык, алардын санын саясий партиялар үчүн 5000 ге чейин, бир мандаттуу округдарда 100гө чейин түшүрүү каралууда.
Демилгечилердин айтымында, мындай жол аркылуу бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлөт. Ошондой эле, шайлоолордо акчанын таасири азаят.
“Талкуу” платформасында аталган мыйзам долбоору тууралуу сөз болду.
Программаны толук бул шилтеме аркылуу кирип көрүңүздөр
Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!
Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!