Сурабалдиева: «Мен эркек депутаттар үчүн уялам»

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Экономикалык кылмыштуулукка каршы кызматтын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиевге Раим Матраимовдун мүлкү боюнча тергөө башталдыбы деп суроо узатты.

Эмил  Жамгырчиев териштирүү 3 ай мурун башталгандыгын билдирди.

“Атамбаевдин жансакчысына кылмыш ишин 1 айда козгоп койдуңар, Матраимовдон 3 айдан бери эч нерсе таба албай жатасыңарбы? ”,-деп жинденди депутат.

Мындан сырткары, депутат эркек депутаттар үн катпай отургандыгына уялгандыгын кошумчалады.

 

Маалымат булагы: http://fakt.kg/?p=73095
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!