Төңкөрүш даярдагандардын жанынан депутаттын документи табылды

Төңкөрүш даярдагандардын жанынан депутаттын документи табылды

31-августта теракт уюштуруу менен бийликти басып алууну пландагандар кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, эгемен майрамында Бишкекке жакын жерде спорттук оюндар уюштурулуп, чогулгандарды жөө жүрүшкө чакырып,   жол боюнда зордук-зомбулук, каракчылык, өрттөө, мүлктү жок кылуу менен коштолгон массалык баш аламандыктар аркылуу ок атуучу куралдарды, жардыргыч заттарды колдонуп, бийликти күч менен басып алууну көздөшкөн.

Мындан тышкары, деструктивдүү топ ок атуучу куралдарды ээлеп алуу максатында ок атуучу полигонду басып алууну пландашкан. Максатын ишке ашыруу үчүн көп сандагы курал-жарактарды, ок өтпөс кийимдерди жана башка жабдууларды сатып алышкан. УКМК абалды туруксуздаштырууну каалаган 5 адамдан турган топту кармап, камакка алды. Алардын жайгашкан жерин тинтүү учурунда  курал-жарактардан тышкары, бир катар жарандардын өздүк документтери табылган. Арасында Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевге таандык аскердик билет дагы болгон.

Эл өкүлү бул боюнча дароо түшүндүрмө берди. Депутаттын айтымында, 2010-2020-жылдардагы окуяларда парламенттеги сейфтен бир нече документи, анын ичинде аскердик билети уурдалган. Марлен Маматалиев документтерди кайра калыбына келтирип, жаңысын жасатканын кошумчалады.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!