Бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин отурумунда Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы 4 айыл аймагынын жана 13 айылдын аталыштарын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору талкууланды.
Жыйында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев Бишкектеги төрт райондун аталыштарын өзгөртүү боюнча кандай иштер жасалып жатканына кызыкты.
“Канчадан бери эле Октябрь, Свердлов, Ленин району деп келе жатат. Кыргыздын жакшы аттары бар да, Ошону койсок болбойбу?”
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев бул маселе алгач жергиликтүү деңгээлде талкууланып, чечим кабыл алынышы керектигин айтты.
Мындан тышкары, жыйында депутат Жанар Акаев адамдын ысымын айылдардын аталышына берүүнү токтотуу керектигин айтты.
“Военно-Антоновка, Покровка, Киров деген аталыштардын өзгөртүлүп жатканын кубаттайм. Бирок 17 аталыштын 12не кишинин ысымын берип жатабыз. Биз тарыхый инсандарды, эмгеги сиңгендерди сыйлайбыз. Кыргыздарга ооруп болуп калды, эптеп атабыздын атын көчөгө, айылга берип калалы деп. Бизде бир райондо райондук билим берүү бөлүмүн бирөөнүн атынан атап коюптур. Өнөкөт ооруга айланып баратат. Аттарды кыргызчалаганды колдойм, бирок адамдын атын берген туура эмес экен. Сайттарды карасанар, Айтматов районунда шарп катталды, баланчаев көчөсүндө сойкукана табылды деп маалымат чыкса жаман угулат да” – деди Жанар Акаев.
Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!
Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!