Ата-энесин бакпагандар мурас алуу укугунан ажыратылат

Ата-энесин бакпагандар мурас алуу укугунан ажыратылат

2024-жылдын 14-майында Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каттоого алынды.

Документти депутат Марлен Маматалиев демилгеледи.

Маалымкат-негиздемеде мыйзам долбоорунун максаты — мурасты бөлүштүрүүдө мураскерлердин  адилеттүүлүгүн жана теңдигин камсыз кылуу, эмгекке жарамдуу, жашы жеткен балдарын ата-энелерине камкордук көрүүгө милдеттендирүү деп жазылган.

 Учурда жарандык кодекстин 1126-беренесинде: Мурас калтыруучунун же мүмкүн болуучу мураскорлордун кимдир-бирөөнүн өмүрүн атайылап кыйган же алардын өмүрүнө кол салган адамдар керээз боюнча да, мыйзам боюнча да мурастоого укуксуз. Өмүрүнө кол салгандан кийин керээздөөчү ага карата керээз калтырган адамдар буга жатпайт” деп белгиленген.

Ал эми, сунушталган мыйзам долбоору менен “Мурас калтыруучуну улгайган жашында камкордугуна албаган же карылар үйүнө өткөрүп берген, ошондой эле мурас калтыруучуну же  мүмкүн болуучу мураскорлордун кимдир-бирөөсүнүн өмүрүн атайылап кыйган же алардын өмүрүнө кол салган адамдар керээз боюнча да, мыйзам боюнча да мурастоого (мураскор болууга) укуксуз деп өзгөртүү демилгеленди.

Мындан тышкары, жарандык кодекстин 1142-беренесине өзгөртүү киргизилүүдө. Аракеттеги мыйзамда: Мурас калтыруучунун балдары, ошондой эле мурас калтыруучунун жубайы жана ата-энеси барабар үлүштөрдө мыйзам боюнча биринчи кезекте мурастоо укугун алышат. Биринчи кезектеги мураскорлордун ичине мураскордун өлгөндөн кийин төрөлгөн балдары да киретдеп жазылган.

 Эми мыйзам долбоору менен төмөндөгүдөй түшүнүк киргизилип жатат.

Мурастоо укугун, биринчи кезекте мурас калтыруучуну кеминде беш жыл камкордугуна алып баккан мураскор,  ошондой эле   мурас калтыруучунун балдары, мурас калтыруучунун жубайы жана мураскордун ата-энеси  мыйзам боюнча бирдей тең үлүштөрдө алышат. Биринчи кезектеги мураскорлордун катарына мураскор  өлгөндөн кийин төрөлгөн балдары да кирет”.

Ал эми 1151-беренени аталышы менен кошо алмаштыруу сунушталды.

Азыр ал Үйдү жасалгалаган жана үйдө колдонулган нерселерди мурастоодеп аталып, андаҮйдү жасалгалаган жана үйдө колдонулган кадыресе нерселер мыйзам боюнча мураска калтыруучу менен ал өлгөнгө чейин бир жылдан аз эмес чогуу жашаган мураскорлорго алардын кезегине жана мурастык үлүшүнө карабастан өтөт” деп көрсөтүлгөн.

Сунушка ылайык, аталган берене “Турак үй, ошондой эле үй жасалгалары жана үй тиричилиги  предметтерин  мурастоо” деп аталып калат. Ичине болсо  “Мураска калтыруучунун турак үйү, батири же башка турак жай имараты, ошондой эле үй жасалгалары жана үйдө пайдаланылган     күндөлүк тиричилик буюмдары мураска калтыруучуну  камкордугуна алып  аны менен ал өлгөнгө чейин кеминде беш жыл чогуу жашаган   мураскоруна, анын  кезегине жана мурастык үлүшүнө карабастан өткөрүп берилет” деген түшүнүктү камтыйт.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!