Уран, торий кендерин казууга жол ачкан документ парламенттин кароосуна түштү

Уран, торий кендерин казууга жол ачкан документ парламенттин кароосуна түштү

“Кыргызстанда уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө” мыйзамдын күчүн жоготту деп таануу тууралуу документти министрлер кабинети сунуштады.

2019-жылы декабрда Кыргызстанда уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында геологиялык изилдөө жүргүзүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Быйыл жыл башында Министрлер кабинети ал документти жокко чыгарууну сунуштаган. Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылган мыйзам долбооруна жазылган маалымкат-негиздемеде, Кыргызстанда инфляция  2023-жылдын башында 14% ашты, өлкө экономикасы тез арада кирешенин башка булактарына муктаж экени белгиленген. Уран жана торий казып алууда экологиялык ченемдер сакталып, мамлекеттик мониторинг жүргүзүлүп, айлана-чөйрөгө терс таасири минималдаштырылат деп жазылган.   Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан сунушталган долбоорго мамлекеттик экологиялык экспертиза жасалып, оң корутунду алынганы кабарланды.

Ошондой эле, документте учурда өлкөдө коомдук-саясий чыңалуу жок, андыктан мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт деп айтылат.

Мыйзам долбоору бирдиктүү порталга 2024-жылдын 27-февралында жайгаштырылган, коомдук талкуулоо 26-мартта аяктап, 11-майда Жогорку Кеңеште каттоого алынган.

Эскерте кетсек, 5 жыл мурда Кыргызстанда Кызыл-Омпол кенин иштетүү демилгеси көтөрүлгөн. Буга жергиликтүү эл, экологдор, активисттер каршы чыгып, нааразычылык акциялары өткөн. Ошондон кийин өкмөт кенди казууга уруксат алган Россиялык компаниянын лицензиясын токтоткон. Ал эми парламент уран, торий казууга тыюу салган мыйзам кабыл алган.

 

Маалымат булагы: https://kenesh.kg/bills/651704
Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!