Жалаа тууралуу мыйзам. Баяндамачы маданият, маалымат министрлиги болгону үчүн документ күн тартибинен алынды

Жалаа тууралуу мыйзам. Баяндамачы маданият, маалымат министрлиги болгону үчүн документ күн тартибинен алынды

Бүгүн Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынынында “Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору, тагыраагы жалган жалаа үчүн жазалоо демилгеси каралмак.

Баяндамачы катары маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев көрсөтүлгөн. Бирок эл өкүлү Исхак Масалиев буга каршы чыкты.

Анын айтымында, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин айып киргизели деп чыгып жатканы мекеменин маданиятын, мүнөзүн бузуп жатат. Алар тескерисинче коргошу керек да, деди депутат Исхак Масалиев.

“Жалган жалаа, укук бузуулар боюнча маданият, маалымат министрлиги баяндамачы болмок беле? Тарыхта биринчи жолу ушундайды көрүп жатам. Муну ким ойлоп тапты? Бул жерде баяндамачы юстиция министрлиги болушу керек. Жок дегенде ички иштер министрлиги же прокуратура болсун. Бирок эч убакта маданият министрлиги укук бузуулар боюнча баяндамачы болбошу керек. Мен каршымын, оңдоп койгула!”

Депутат Исхак Масалиевдин сунушу менен мыйзам долбоору боюнча баяндамачы туура эмес аныкталгандыктан, бүгүнкү отурумдун күн тартибинен алып салуу демилгеси көтөрүлүп, эл өкүлдөрү тарабынан колдоо тапты.

Мыйзам долбоору тууралуу маалымат

 Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымат катында документ жабырлануучунун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана укуктук системанын алкагында адилеттүүлүктү камсыз кылуу үчүн иштелип чыкканы жазылган. Ошондой эле, мыйзам долбоору ишенимдүү маалыматты жайылтууга жана интернет-контентти керектөөдө сынчыл ой жүгүртүүнүн зарылдыгы жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт деп белгиленген.

Укук бузуулар тууралуу кодексти  1093-берене менен толуктоо сунушталууда. Ага ылайык,  жалпыга маалымдоо каражаттарында, Интернет тармагындагы сайтта, Интернет тармагындагы сайттын баракчасында социалдык тармактарды колдонуу менен жалган, адаштыруучу же жаңылыш маалыматтарды жарыялап, тараткан жеке жактар 100 000 сом, юридикалык тарап 200 000 сом айыпка жыгылат.

Конституциянын 10-беренесинин экинчи бөлүгүндө,  Кыргыз Республикасында цензурага жол берилбейт. Жалпыга маалымдоо каражаттары эркин жана өз ишин мыйзамга ылайык жүзөгө ашырат, деп жазылган.

Кыргысзтандын конституциясында ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө, өз пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине, маалыматты эркин издөөгө, алууга, сактоого, пайдаланууга жана аны оозеки, жазуу түрүндө жана башка жол менен жайылтууга укуктуу деп көрсөтүлгөн. (32-берене 1, 2-бөлүктөр, 33-берене 1-бөлүк)

 

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!