Жанар Акаев: Балдар иш-чараларда декорация катары колдонулбасын!

Жанар Акаев: Балдар иш-чараларда декорация катары колдонулбасын!

Бүгүн парламенттин жалпы отурумунда ар кандай маселелер айтылып жаткан учурда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өлкөдө балдарга карата жасалып жаткан мамилеге токтолду.

“Чүй облусунда 3 жаштагы Наргиза өгөй атасы тарабынан катуу сабалды, азыр ооруканада. 2 жаштагы Игорду мыкаачылык менен ур-токмокко алган  киши болсо бошотулду. Ал наристени аёосуз сабаган, жыныстык мүчөсүн кескилеген. Соттун эки инстанциясы зөөкүрдү 5 жылга кескенине карабай, Жогорку сот эркиндикке чыгарып койду”, —  деди Жанар Акаев.

Мындан тышкары, эл өкүлү чиновниктер барган иш-чараларда балдар декорация катары колдонулуп жатканын катуу сынга алды.

Анын айтымында, кыштын ызгаарында, жайдын аптаптуу ысыгында балдарды кыдырата тизип койгон учурларды сүрөткө тартып, коомчулукка жарыялап ошого жол берген аткаминерлерди уяткаруу керек. Балдар эс учун жоготуп койгон учурлар дагы болуп жатат.

“Министрлер кабинети балдарды коргоо боюнча системдүү, радикалдуу чечимдерге барыш керек”, – деди Жогорку Кеңештин депутаты.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!