Жасалма контентти жайылткандарды жазалоо демилгеленди

Жасалма контентти жайылткандарды жазалоо демилгеленди

Кыргызстанда дипфейк тараткандарды 200 миң сомго чейин айыпка жыгуу сунушталды

2024-жылдын 5-июнунда Жогорку Кеңештин сайтына «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө («Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө»  Мыйзамына, Кылмыш-жаза кодексине)» мыйзам долбоору жайгаштырылды. Демилгечиси депутат Арсланбек Малиев.

Маалымкат-негиздемеде мыйзам долбоорунун негизги максаты — жарандардын конституциялык укуктарын жасалма контентти генерациялоонун технологияларын ак ниетсиз пайдалануудан коргоо жана жалган маалыматтын таралышына жол бербөө, маалыматтык ресурстарга ишенимди сактоо болуп саналат, деп жазылган. Ошондой эле, депутаттын пикиринде, дипфейктер коомдук пикирге, саясий процесстерге ишкердик репутацияга жана адамдардын жеке мамилелерине олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн.

Мындан улам, демилгечи «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамынын 21-1 жана 21-2 беренелерине кошумчаларды киргизүүнү сунуштайт. Ага ылайык, жеке менчик жана Маалымат системаларынын ээлери, жеке маалыматтарды камтыган базанын операторлору, ошондой эле жеке маалыматтарды камтыган электрондук маалыматтык ресурстарды алган үчүнчү жактар ушул Мыйзамга жана эрежелерге ылайык аларды коргоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн машиналык үйрөнүүгө жана жасалма интеллектке негизделген мазмунду синтездөө технологиялары Министрлер Кабинети тарабынан негизделген эрежелер менен жөнгө салынат .

Ошондой эле, мыйзам долбооруна ылайык, сүрөттөрдү, аудиолорду, видеолорду, виртуалдык көрүнүштөрдү жана башка маалыматтарды түзүү үчүн жеке маалыматтардын субъектинин макулдугусуз маалыматтарды иштетүүгө тыюу салынат:

* Текстти сөзгө которуу, үндү өзгөртүү, үн атрибуттарын оңдоо;

*Бетти түзүү, бетти алмаштыруу, каармандардын атрибуттарын оңдоо, бет манипуляциясы, поза менен манипуляциялоо жана башка сүрөттөрдө жана видеоконтенттерде жүздөрдү жана башка биологиялык өзгөчөлүктөрдү түзүү же оңдоо технологиялары;

*Сүрөттөрдү жакшыртуу, сүрөттөрдү калыбына келтирүү жана сүрөттөрдүн жана видеоконтенттин биологиялык эмес өзгөчөлүктөрүн башкадан редакциялоо;

* Виртуалдык көрүнүштөрдү түзүү же редакциялоо технологиясын колдонуу менен үч өлчөмдүү реконструкциялоо.

Мындан тышкары, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, 190-берене үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөр менен толукталууда.

Депутат жеке маалыматтарды адамдын макулдугусуз пайдаланып жана жайылткандарды  — бир жылдан үч жылга чейин  түзөтүү жумуштарына, же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу же 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айыпка жыгууну сунуштады.

Эгерде дипфейктер кызматтык ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан адамга же анын туугандарына карата  өч алуу максатында жасалса, 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып салынат  же 3 жылга чейин белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратылат.

Учурда жасалма интеллект аркылуу адамдын жүзүнүн көчүрмөсүн жасап, анын үнүн окшоштуруп, өзгөртө алат. Депутат адамдын уруксаты жок анын жүзүн жасалмалагандарды жазалоону көздөп жатат. Эл өкүлү   айрыкча мамлекеттик кызматта иштегендердин коопсуздугун ойлоп, алардын жүзүн пайдалангандарга басым жасоодо. Тагыраак айтканда, аткаминерлердин, депутаттардын жана алардын жакындарынын жүзүн, үнүн жасалмалагандарга катуу чаралар киргизилүүдө.

Белгилей кетсек, учурда жасалма менен түп нусканын айырмалаган универсалдуу ыкма жок. Жасалма видеодо адамдын кашы, эриндеринин кыймылдашы же бат-баттан көз ирмегенин кээ бир учурда  байкоого болот. Бирок, дипфейк сапаттуу жасалса алар дагы байкалбай калышы мүмкүн.

Мыйзам долбоорунда мындай процесстерди жөнгө салуу эрежелери министрлер кабинетине жүктөлөт деп белгиленген.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!