ЖК депутаты В.Раимбачаева: Медиктерди коргоп калбасак, иштегенге киши калбай калат

ЖК депутаты В.Раимбачаева: Медиктерди коргоп калбасак, иштегенге киши калбай калат

Дарыгерлер ар тараптуу басымдан, маянанын аздыгынан жана эч кандай колдоо жоктугунан улам иштен кетүүнү ойлонуп жатканын айтышууда.

“Талкуу” платформасындагы кезектеги программага былтыр декабрда иш учурунда бейтаптын жакындары тарабынан катуу ур-токмокко кабылып, 6 айдан бери акыйкаттыкка жете албай жүргөн врач невролог Жаркынай Таалайбекова жана дарыгерлерди коргоого багытталган мыйзам долбоорунун демилгечиси, Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева катышты.

Улуттук госпиталда иштеген врач невролог Жаркынай Таалайбекованын айтымында, аталган ооруканада 5 жолу дарыгерге кол салуу болду. Азыр врачтардын иштегиси келбей калды. Баары башка жактан жумуш издеп жатат.

Ак халатчандарды коргоо үчүн даярдалган документке ылайык, медиктерге  кол көтөргөндөр, ишине тоскоолдук жараткандар бир жылга чейинки түзөтүү жумуштарына жөнөтүлөт же 50 000 сомго чейин айыпка жыгылат.

Жабырлануучунун денесине өзгөчө оор залал келтирген учурда 8 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Ошондой эле, медицина кызматкерлеринин ишине кийилигишип, кесиптик ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан ЖМК өкүлдөрү, блогерлер жана башка жеке жактар 10 000 сом айыпка жыгылат.

Документ колдоо тапса, бейтаптардын укугу тебеленип калбайбы деген суроолор пайда болду.

Программанын жүрүшүндө көп кызыктуу фактылар айтылды. Толук көрүү үчүн шилтеме аркылуу кириңиздер.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!