ЖМКда жана Интернетте жалаа жана мазактоо үчүн жоопкерчиликке тартуу сунушталды

ЖМКда жана Интернетте жалаа жана мазактоо үчүн жоопкерчиликке тартуу сунушталды

29-апрелде Бирдиктүү порталда «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамынын долбоорун талкуулоо аяктады. Эми мыйзамга ылайык, бул документ Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт.

  МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ ТУУРАЛУУ

Негиздеме маалымкатта мыйзам долбоорунун максаты жабырлануучунун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу деп жазылган. Мындан тышкары, ал документте учурдагы мыйзамдар жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-платформаларда мазактап, атайылап жалган маалыматтарды жайылткандарга карата жетиштүү түрдө натыйжалуу жооп кайтара албай жаткандыгы белгиленген. Бул өз кезегинде,  чыр-чатактын күчөшүнө, адамдар арасындагы мамилелердин начарлашына жана коомдук туруктуулуктун бузулушуна алып келиши мүмкүн деп айтылат.

Ошентип, укук бузуулар кодексине жалаа жапкандарды жана мазактагандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча жаңы берене кошулууда. Документке ылайык, кемсинткен, башка адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын адепсиз формада атайын мазактаган жеке жактарга 7500 сом, юридикалык тараптарга 23000 сом өлчөмүндө айып салуу каралган.

Ошондой эле, жалаа жаап, башка адамдын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген жалган маалыматтарды билип туруп тараткан жеке жактарга 10000 сом,  юридикалык жактарга — 280 000 өлчөмүндө айып салуу сунушталууда.

 КОНСТИТУЦИЯ МЕНЕН ЭЛ АРАЛЫК УКУКТА БУЛ ТУУРАЛУУ ЭМНЕ ДЕП ЖАЗЫЛГАН?

Конституциянын 33-беренесинин биринчи бөлүгүнө ылайык, Кыргызстандын ар бир жараны маалыматты эркин издөөгө, алууга, сактоого жана оозеки, жазуу түрүндө же башка жолдор аркылуу таратууга укуктуу. Баш мыйзамдын 10-беренесинин экинчи бөлүгүндө Кыргызстанда цензурага жол берилбейт, жалпыга маалымдоо каражаттары эркин, ишмердүүлүгүн мыйзамдарга ылайык жүргүзө алат деп жазылган.

Эл аралык укуктук нормалар боюнча Кыргызстанда ар бир жаранга өз оюн билдирүүгө жана сөз эркиндигине кепилдик берилет. ( Адам укугу боюнча жалпы декларациянын 19-беренеси)

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча жана эл аралык укуктарда ар бир адам башка кишинин укугун жана аброюн сыйлашы керек. Укугу бузулган тарап өз аброюн жана укугун коргоого мыйзам жол берет.

Кыргызстандын азыркы аракеттеги мыйзамдарында деле ар-намысты жана кадыр-баркты жалаа, мазактоолордон коргоонун жолдору каралган. Жарандык кодекстин 18-беренесинде жаран же юридикалык тарап анын аброюна шек келтирген тараптан маалыматты төгүндөөнү талап кыла алат. Ал гана эмес, ушул кодекстин 5-беренесинде жабыркаган тарап маалыматты жокко чыгарууну талап кылгандан тышкары, келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча кайрылууга  укуктуу деп жазылган.

Ошондой эле, фейктер тууралуу мыйзамдын негизинде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жалган маалымат таратуу менен аброюна шек келтирилген тараптын өтүнүчү менен сайтты бөгөттөө укугуна ээ.

КОРУТУНДУ

Адам айтылган маалыматта ага карата жалаа жана мазактоо бар жогун өзү чечип, жарандык-укуктук тартипте экинчи тарапты сотко берип, ал сөздөрдүн чын-төгүнүн териштире алат. Эгерде айтылгандарда кемсинтүү, жалган жалаа жабуу фактылары аныкталса, арыздануучу аны жокко чыгарууну жана моралдык компенсация талап кыла алат.

Ал эми сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, ыйгарым укуктуу орган жабырлануучунун арызы жок эле айтылган сөздө кемсинтүү бар-жогун аныктап калат. Ага кошумча, ошол мекемеге мазактоо жана жалаа жабуу фактыларын аныктаган учурда административдик айып салуу укугу берилүүдө. Андан түшкөн каражат мазактоодон жабыркаган адамга эмес, мамлекеттин бюджетине которулат. Тагыраак айтканда, мамлекет кемсинтилген жарандын эсебинен киреше таап калат.

 

 

 

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!