Жогорку Кеңеш жаңы Башкы прокурорду бекитти

Жогорку Кеңеш жаңы Башкы прокурорду бекитти

Бүгүн парламенттин жалпы отурумунда башкы прокурор кызматына көрсөтүлгөн Максат Асаналиевдин талапкерлиги каралды.

Депутаттар бир катар суроолорду узатып, көбү ийгиликтерди каалашты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында залда отурган депутаттардын баары Максат Асаналиевдин талапкерлигин колдоду.

Максат Асаналиев 46 жашта. 2000-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Юридика факультетин аяктаган. Эмгек жолун 2001-2003-жылдары Улуттук коопсуздук боюнча Мамлекеттик комитетинде тергөөчү болуп баштаган. 2010-2011-жылдары Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгында өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү болуп эмгектенген.

2022-жылы Ош облусунун прокурору болуп дайындалган.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!