Жогорку Кеңештин депутаттары ишин баштады

Жогорку Кеңештин депутаттары ишин баштады

Бүгүн Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттары төртүнчү сессиясын ачышты.

Эки айлык тыныгуудан кийин эл өкүлдөрү ишин расмий баштады. Бүгүнкү жыйында бир мандаттуу округдардан шайланган жана партиянын тизмеси менен келген депутаттар ант беришти.

Төртүнчү сессияга 6 жаңы депутат келип кошулду. 30-июнда мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо Ысык-Көл бир мандаттуу округунан Айжигит Тыналиев, Ноокат бир мандаттуу округунан Бактыбек Марипов, Свердлов бир мандаттуу округунан Жумабек Салымбеков жеңип чыгып, мандат алышкан.

Мындан тышкары, жайкы эс алуу маалында партия аркылуу шайланып келген 2 эл өкүлү депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча арыз жазды.

“Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен депутат болгон Мейкинбек Абдалиев 19-августта мандатын тапшырып, ошол эле күнү борбордук шайлоо комиссиясы анын ордуна Арсланбек Эгембердиевди каттаган.

30-августта “Ыйман Нуру” фракциясынын жетекчиси Нуржигит Кадырбеков дагы мандатынан баш тартуу тууралуу арызын жазып, анын ордуна Эрнис Айдаралиев депутат болуп калды.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров соттун чечиминин негизинде мандатынан ажыратылгандыктан, анын ордуна Аккулу Бердиев каттоого алынып, депутаттык күбөлүк берилген.

Бүгүн күн тартибинде маселе болбогондуктан, жаңы депутаттар ант бергенден кийин отурум жыйынтыкталды.

 

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!