Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сурап ким кайрыла алат?

Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сурап ким кайрыла алат?

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү долбоору 2024-жылдын 25-апрелинде биринчи окууда кабыл алынды.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө”  Мыйзамдын 28-беренесинин 2-5-бөлүктөрүна ылайык, Башкы прокурор, ошондой эле ишти карап жаткан соттун сунуштамасы боюнча депутатты кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга Жогорку Кеңештин макулдугун алууга болот.

Конституциялык сот 2023-жылдын 29-ноябрындагы чечими менен  “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамындагы ушул 2-бөлүгүндөгү  “же ишти карап жаткан сот” деген сөздөр менен белгиленген ченемдик жобо Конституциянын 94-беренесинин 1-бөлүгүнө, 100-беренесинин 3-бөлүгүнө каршы келет деп тааныган.

Буга байланыштуу жогоруда аталган Мыйзамга тиешелүү өзгөртүү киргизилип, андагы “же ишти карап жаткан сот” деген сөздөрдү алып салуу сунушталды.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!