Жогорку Кеңештин депутатынын кеңешчиси кармалды

Жогорку Кеңештин депутатынын кеңешчиси кармалды

«Альянс» фракциясынын мүчөсү, депутат Гүлкан Молдобекованын кеңешчиси Р.А.Р.  алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалоо фактысы боюнча кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык,   Р.А.Р. 2021-жылы Жогорку Кеңешке жумушка орношуу үчүн кайрылганда жасалма документтерди жана өзү жөнүндө жалган маалыматтарды берип, мыйзамсыз ишке орношуп, эмгек акы жана бонустук төлөмдөрдү  алып жүргөндүгү аныкталган. Учурда өлкө бюджетине келтирилген жалпы зыян такталууда.

Мындан тышкары, шектүү ортомчулук кызматын көрсөтүп, өлкөнүн жогорку жетекчилигинин атын жамынып ар кандай маселелерди чечип, жарандардан ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алып турган.

Кечээ күнү депутат Гүлкан Молдобекованын иш бөлмөсүндө тинтүү иштери жүргөнү маалым болгон. Кийинчерээк эл өкүлү анын кабинетинде эмес, кабылдамасында текшерүү иштери болгонун айткан.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!