Жогорку Кеңештин курамы 3 жаңы депутат менен толукталды

Жогорку Кеңештин курамы 3 жаңы депутат менен толукталды

Бүгүн борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин үч жаңы депутатына мандат тапшырды.

30-июнда Кыргызстандын  бир мандаттуу 3 округунда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгында Ноокат бир мандаттуу округунан Бакытбек Марипов, Бишкектин Свердлов бир мандаттуу округунан Жумабек Салымбеков жана Ысык-Көл бир мандаттуу округунан Айжигит Тыналиев көп добуш алган.

Бүгүн борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү 3 депутатка төш белги жана күбөлүк тапшырды.

Эл өкүлдөрү жетинчи чакырылыштын төртүнчү сессиясы башталганда ишке киришет.

Эскерте кетсек, Ноокаттан шайланган Жусупбек Коргонбай уулу, Ысык-Көлдөн шайланган Максатбек Сарбагышев өз арыздарынын негизинде мандатынан баш тартышкан. Ал эми Свердлов бир мандаттуу округунан келген Шайлообек Атазовдун депутаттык ишмердүүлүгү соттун чечими менен токтотулган. Үч округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Комментарийлер

Комментайрийлер жок, биринчи болуп комментарий жазыныз!

Кечиресиз, катто өткөн колдонуучулар гана комментарий жаза алышат!